• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Дайындоо: Улуттук электрдик тармак» ААКга жаңы башкы директор келди

1 Баш оона 201912:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.08.2019. Govori.TV

«Улуттук электрдик тармак» ААКга жаңы башкы директор дайындалды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Директорлор кеңешинин чечимине ылайык, башкы директор болуп Эмил Куданалиев дайындалды. Буга чейин ал аталган компаниянын башчысынын биринчи орун басары болуп келген.

Эмил Куданалиев 1994-жылы Кыргыз техникалык университетинде «Электрдик станциялар» адистигин алып чыккан. Анын бул тармакта иштегенине 25 жыл болду.

Мурунку башкы директору Медетбек Айткулов өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен болчу.

Количество просмотров: 12