• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дайынсыз болгон, Бурулай Сайпидин кызы табылды

28 Жалган куран 202314:38 Бишкек Govori.TV

Дайынсыз болуп жаткан, Бурулай Сайпидин кызы табылды. Бул тууралуу анын жакындары «Кактус медиасына» билдирген. Маалыматты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктады.

Эске салсак, Бишкек шаарында 1992-жылы туулган Бурулай Сайпидин кызы аттуу келин дайынсыз болуп изделип жаткан. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бурулай 14-март күнү эртең менен Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал төрт баланын энеси, кичүүсү 3 жашта.

Ал кара түстөгү жемпир, кара же кызыл түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Количество просмотров: 33008