Дайынсыз жоголгон Кубат Асановдун денеси өлүк сактоочу жайдан табылды.
«Жакындары аны тааныды. Калган маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Бир туугандар — 50 жаштагы Канат менен Кубат Асановдор дайынсыз жоголгон. Ушул жылдын январь айында Канат, бир нече күндөн кийин Кубат жоголгон болчу.
Канат Асанов 9-январда болжол менен саат 18:00 чамасында Бишкекте жайгашкан Ынтымак конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Анын туугандары Ленин РИИБге арыз менен кайрылышкан.