• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте дайынсыз жоголгон Назик Уланова изделүүдө

12 Чын куран 2021 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон Уланова Назик Улановнага издөө салат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 7-апрелинде саат 15.30дар чамасында Бишкек шаарынын Фирсов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы орточо узундукта.

Өзгөчө белгилери: оң бутунда күйүктөн калган так бар.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү булгаары күрмө, көк түстөгү джинсы шым, кара түстөгү футболка, ак түстөгү спорттук бут кийим.

«Назик Уланованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 и 102”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 584