Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Россиядагы элчилиги учурда дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык эки кыздын жакын туугандары менен байланышта. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
«Министрлик менен Кыргызстандын элчилиги жакын туугандары менен байланышта. Алар жабыркагандар тууралуу Россия тарап расмий жарыялаган тизмеде жок. Россия бийлиги учурда тизмени жаңылоону улантып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда Подмосковьедеги терактыдан кийин «Крокус» кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканы тууралуу маалымат жарыяланууда.