15-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Кара-Дөбө өрөөнүндө мергенчи Эркинбай Карабаев менен Эламан Чынарбек уулу күздөн бери жергиликтүү элдин бодо малын жеп жүргөн карышкырды атып, жондоруна артып, айылга көтөрүп келишти. Аларды жердеши видеого түшүрүп алган.
Тасмадан ачуусу келген тургундун: «Өлгөндө да жөн өлбөй, көтөрттүрүп алып келе жатканын карабайсыңбы. Далай малды жедиң да шүмшүк…» деген сөздөрүн угууга болот.
https://static.bulbul.kg/mp4/0/65670.8d00cc1231bbb63518cd8cba14de7ec6.720.mp4
Булак: turmush.kg