• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн № 27 түзөтүү мекемесине которушту

4 Тогуздун айы 20199:52 Бишкек Govori.TV

УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине которушту.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Свердлов райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыраткан.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.

Булак: 24.kg.

Количество просмотров: 45