• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дана Уайт, Хабиб жана Конор боюнча үн катты

18 Тогуздун айы 2018 11:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Дана Уайт, Хабиб жана Конор жөнүндө үн катты
Уайт «Бизде баары жакшы. Хабиб беттештен кийин бир аз ачууга алдырып койгону көрүнүп турат. Бул мелдеш албетте Хабиб үчүн өтө эмоционалдуу болду. Бирок, кандай болгон күндө да Хабиб мыкты жигит. Нурмагомедов UFCде калат. Ал эми Конор МакГрегордо болсо баары жакшы. Ал эки жыл мелдешке түшкөн жок, бирок, кооптуу мелдешке чыкты. Ошон үчүн аны баары жакшы көрүшөт. Ал жеңилгенине карабай мелдештерге чыга берет. Мелдештен кийинки талкуу дагы деле уланып жатат.  Бул бизнес, бир жуманын ичинде баары өзгөрүп кетүүсү толук мүмкүн. Хабиб азыр ким менен беттеше турганы азырынча белгисиз. Анын жеңиши менен рахаттануусуна уруксат берели” – деген UFCнин президенти.
Ал эми UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун агасы Алекс Нурмагомедов
“Конор менен болгон беттеш эми Хабиб үчүн кызыксыз. Хабиб ал үчүн кандайдыр бир акча үчүн мелдешпейт. Алар реваншка чыгууга чакырып, башталганда эле 15 млн $ сунушташты. Бирок, бул сунушту Хабиб четке какты” – деди.
Хабиб, Конор кезекке туруп, башкалар менен мелдеше берүүсүн айткан. Ал Тони Фергюсон менен мелдешсе,карьерасын биртоло жыйыштыра турганын дагы жар салды.
 Эскерте кетчү жагдай UFC 229 беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов, ирландиялык Конор МакГрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип алган эле. Ирландиялык Конор МакГрегор, Хабиб  Нурмагомедовту дагы мелдешке чакыра турганын жар салган эле.
Количество просмотров: 25