Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Орусиялык ырчы Женя Отрадная “Дарак ыры” кино-дастанындагы “Бегимайдын ырын” орус тилинде аткарып чыкты. Бул туурасында аталган кино тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков жеке баракчасында билдирди.
Ырчыны башкы ролдогу Бегимайдын образы бул ырды аткарууга шыктандырып, таасирленткен. Мындан улам, ортодо көптөгөн сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн соң, ырдын сөзү орус тилине которулуп, ырга клип тартылган.
Андан тышкары, “Дарак ыры” кино тасмасында аткарылган дагы бир ырды Россиянын башка белгилүү ырчылары ырдап чыгышы мүмкүн.