• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Дарья Маслова Беларуста өткөн чемпионатта жеңүүчү аталды

30 Баш оона 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Мелдеш 29-августта Минскте өткөн.

Маалыматка ылайык, аялдар арасында 10 миң метрге чуркоо боюнча 9 спортчу катышты. Дарья Маслова аралыкты 32 минута 21 секундда чуркап өтүп, атаандаштарын артта калтырды.

Эске салсак, Дарья Маслова буга чейин дагы Белорусияда өткөн мелдеште алтын Кубоктун ээси болгон.

Количество просмотров: 16