Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Батукаевдин иши боюнча кармалган эки медицина кызматкерин бошотуу талабы менен Жогорку Кеңештин алдында бүгүн 3-июнга пландалып жаткан митинг айдын аягында уюштурулмай болду.
Маалыматтарга таянсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул күнү парламент алдында акция өткөрүүгө тыюу салган. Муну Бишкекте 13-14-июнь күндөрү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтөрү менен байланыштырышкан. Ал эми сунушуталган Горький атындагы гүлбактан уюштуруучулар баш тартышты.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.