• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Дарыгер Сарбагыш Иманалиев пневмониядан улам көз жумду

27 Теке 202013:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда 60 жаш курагында Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду.

Белгилүү болгондой, Иманалиев өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан. Абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген.

Иманалиев 1961-жылы Кочкордо туулган. 1984-жылы Медициналык академияны аяктап, 1985-жылы Ысык-Көл райондук ооруканасында биринчи реаниматолог болуп иштей баштаган.

Количество просмотров: 139