Буга чейин Бектур Апышев аттуу даарыгердин беткаптар тууралуу пикири Twitter социалдык тармагында жарыяланган.

Анда ал дарыгерлердин ооруну жугузуп алуусунун себеби катары сапатсыз беткаптарды айткан эле. Андан көп узабай дарыгер жетекчиликке посту үчүн чакыртылганын да кошумчалаган.

Мындан соң Апышев билдирүүсүн өчүрүп калган.
Ал эми бүгүн Ысык-Атадагы ооруканын дарыгери Апышев кечирим сурап, аларга берилген беткаптар сапаттуу экенин айтып, жалган маалымат бергенин айтып чыккан.
Дарыгердин мындай кайрылуусунан соң соц.тармакта талкуу жаралып, аны колдоо акциясын баштоо демилгелери айтылууда.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын айтымында, азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча да так маалымат жок.
«Компенсация төлөбөй коюу максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди «унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат» деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштениздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт», — дейт депутат.