• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Дарыгерлер Бороновдун сураган кечиримине ынанышкан жок…

14 Чын куран 202014:31 Бишкек Govori.TV

13-апрелде өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сураган.

Ал эми бүгүн, ооруга кабылган дарыгерлер Govori.TVга Бороновдун сураган кечиримине ынанышпагандыгын билдиришти.

Алардын айтымында, биринчи вице-премьер-министр кечирим сурап, бирок анын сөзүн туура эмес кабыл алып алышканын айткан.

«Вице-премьер ажыдан келген кошунасынын тоюна барып, оору жугузуп алган дарыгер башка кесиптештерине да жугузган деп так эле айткан болчу. Ал эми кечээ кечирим сурап жатып, врачтар анын сөзүн туура эмес түшүнүп алышканын айтты», — дешти алар.

Эске салсак, Кубатбек Боронов кечээ өкмөт үйүндөгү онлайн жыйында жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сураган.

Анын айтуусуна караганда, мындан мурда өткөн брифингде медиктердин оорусу боюнча айтылган маалыматты айрым медицина кызматкерлери өзүнүн дарегине кабыл алып алган.

Количество просмотров: 160