Фейсбук баракчасында «Бишкектеги дарыгерлерди жумушка автобус менен толуп алып бара жатышат» деген билдирүү менен сүрөт жарыяланган.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясы сүрөт боюнча билдирүү жасап, дарыгерлер жумушка кичи автобустар менен барып жаткандыгын билдирди.
«Бишкекте дарыгерлерди жумушка жана үйлөрүнө алып келүү үчүн «Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы» ишканасы 17 кичи автобустарды даярдаган. Мындан тышкары дагы 7 унаа каралган. Ал эми интернетке тараган сүрөттөгү автобус муниципиалдык ишканага тиешеси жок. Автобустар укук коргоо кызматкерлерин, мэриянын, акимиаттардын кызматкерлерин гана ташыйт», — деп айтылат маалыматта.