• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дарыгерлерге Өкмөт айткан сый акы бериле элек

2 Чын куран 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда обсервацияда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге кошумча каражат төлөнө элек. Бул туурасында Govori.TV агенттигине карантинде иштеп жаткан дарыгерлер билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, алар 28-январдан бери тынымсыз иштеп жатышат.

«Бизде январь айынан баштап Кытайдан келген кыргызстандык студенттер изоляторлордо кармалып, аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүп башталган. Ошондон тартып, эс алуусуз иштеп жатабыз. Өзгөчө абалда дем алышсыз дагы канча убакыт иштейбиз али белгисиз. Ал эми ЖМКларда карантиндик зонада иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы берилип, медициналык кызматкерлер материалдык жактан да татыктуу камсыздала турганын айтышууда бирок эч кандай кошумча каражат төлөнө элек»,-дейт өзүн тааныштыргысы келбеген дарыгер.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда карантиндик аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге качан сый акы бериле турганын тактай тургандыктарын айтышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы карантиндик аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге айлык маянасынан сырткары ар бирине 46 350 сомдон төлөнө турганын жана карантиндик аймактагы дарыгерлер эң көп 14 сутка иштеп андан соң, алардын ордуна башка кызматкерлер нөөмөттү алмаштырыша турганын Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирген болчу.

Количество просмотров: 359