• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дарыканага ууруга кирген өспүрүмдөр кармалды (Видео)

4 Баш оона 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте каракчылыкка шектүү өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын бириндеги тоноочулук фактысы боюнча белгисиз жарандан билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам иликтөө тобу барганда Т.А. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз балдар 2-августтан 3-августка караган түнү бычак кармап жана бет кап тагынып, терезе аркылуу дарыканага кирип, сатуучу кызды коркутуп, акча талап кылган.

Айтылган дарекке Октябрь РИИБдин опер кызматкерлери барып, куралчан адамды колго түшүрүүгө чакырышкан. Бирок ал баш тартып, акырында милиционерлер эшикти талкалап кирип кармашкан. Шектүү 2005-жылы төрөлгөн Т.А. болуп чыкты. Анын жанындагы адам милиция кызматкерлери жеткенге чейин качып кетүүгө жетишкен. Ал да кармалып, 2004-жылы төрөлгөн Д.И. экени белгилүү болду.

Шектүүлөр камакка алынган. Алардан жабыркагандар 0(708) 064-926, 0(705) 102-406 телефон номурлары жана «102» кызматы аркылуу милицияга кайрылса болот.

Количество просмотров: 151