Дарылардын бааларын негизсиз кымбаттаткандар боюнча 27 кылмыш иши козголду
Дарылардын бааларын негизсиз кымбаттаткандар боюнча 27 кылмыш иши козголду
14 Теке 2020 17:51 Бишкек Govori.TV
Учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан фактылар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар жана башкалар боюнча 27 факт катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 14-июлда өкмөттөгү онлайн маалымат жыйында билдирди.
медициналык каражаттардын (бет каптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш каралып жатат;
мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды;
кампаларда катып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кампалардан: гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар табылган.
кымбат сатып жаткан алып-сатарларга карата 8 факт Жоруктар кодекси боюнча каралып жатат.
Ошондой эле премьер-министр Финансы полициясы тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, физикалык тараптарга, алып-сатарларга карата чаралар күчөтүлөрүн билдирди.