• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Дарысы” түгөнгөн  Төрөбаев… “Кыл чайнашкан” КСДП….Кыжаалат болгон Өмүркулов

30 Жетинин айы 2018 13:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018. Govori.TV
“Дарысы” түгөнгөн  Төрөбаев…
Бул жумада коомчулук «өндү көрсө жүз тайды» саясатчылардын дагы бир окуясына кубө болду. Тактап айтканда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы жана азыркы президенттин айланасындагы сөздөр боюнча комментарий берип: «Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди «Акаев, Бакиев» деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык” деди. Ошондой эле Төрөбаев азыркы президент жалган маалыматтарга, интригаларга жана ушак-айыңдарга көңүл бурбай, жаңы идеяларды, алгылыктуу программаларды ишке ашырып, өлкөдө реформаларды жүргүзүшү керек экенин белгилеген.
Көрсө, саясатчылар өткөнүн бат эле унутуп калабы же эл менен эсептешпейби, айтор кызык.  2017-жылы 15-сентябрда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча өткөн чоң жыйында Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту» деп мактап, Алмазбек Атамбаев мактоого ыраазы болуп “дары болсун” деген эле.
“Кыл чайнашкан” КСДП….Кыжаалат болгон Өмүркулов
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген маегинен кийин КСДПнын ичиндеги кайым айтышуулар ого берет куч алды. Буга чейин Ирина Карамушкина КСДПга каршы таарынычы барлар чыгып жатат деп айтып, ага депутат Иса Өмүркулов жооп кайтарды. Анын айтымында КСДПнын көп сандаган мүчөлөрү баарына чекит коюп, партиянын саясий кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө баа берет. Иса Өмүркуловдун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө партиянын ар бир мүчөсү бирдей укуктарга ээ.
«Биздин партиялаштар өлкөнүн кызыкчылыгын, туруктуулугун сактоо үчүн баррикадада жүруштү. Көпчүлүгү Ала-Тоо аянтында жок болушту. Бул тууралуу унутпоо керек. Бүгүнкү күндө өзүбүз партияны бөлүп-жарып, бузбашыбыз керек. Ирина Карамушкина айткандай карапайым, партиянын нак мүчөсү болбогондор бир күчтү түзүп, режимди жеңе алды. Бүгүн аларды экинчи сорт катары атоо шылдыңдоого тете. Арыз жазгыла деп чакырык таштабашы керек. Биз баарыбыз бирбиз, биз президентти колдоо үчүн чыктык», -деди Өмүркулов.
Буга чейин ал мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин киреше булагын текшерүү керек деп айтып чыккан эле.
Коррупциялашкан өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан отузунчу орунду ээледи
Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарып, Кыргызстан отузунчу орунду ээлеген. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген.
100 упай “өлкөдө коррупция жок” дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар.
“Business Insider” басылмасы жакырчылык күч алган, укуктук жана өкмөттүк системалары алсыз Африка, Борбордук Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн көбүрөөк коррупциялашкан деп эсептеген.
Жакыр өлкөнүн үч жылдык бюджети бир күндө каралды
Мынтип, Кыргызстан коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарынан орун алып жатса, Жогорку Кенеш үч жылдын бюджетин чогуу карап коомчулукту таң калтырды. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеште жаңы жылдын бюджет долбоору менен кошо өткөн эки жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттордун күн тартибине киргизилиши айрым депутаттардын нааразылыгын жаратты.
«Бул үч татаал маселени үч башка кароо керек» деп демилге көтөргөн депутаттардын сунушу өткөн жок. Депутат Сулайманов үч жылдын бюджети бир келгенден кийин суроо берилгенде бардыгы аралышып кете турганын айтып, спикер Дастан Жумабеков экоо кайым айтышып кетти.
Алар биздин улутташтар
Бул жумада дүйнө коомчулугу көз салып турган Кытайдагы этникалык улуттардын маселеси Кыргызстанда дагы сөз болду. Тактап айтканда, Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн.
Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.
Кечээ, Кытайда камакка алынып жаткан кытайлык кыргыздардын жагдайына арналган жыйын өтүп, ага коомдук ишмерлер, активисттер, кытайлык кыргыздар катышып, оз ойлорун айтышты. Ошондой эле акыйкатчы  Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга катышып, маселени жеринен иликтеп келиш үчүн Кытайга барып келүүга аракет кылууга убада берди.
Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар.

Количество просмотров: 24