Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагында, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери, мамлекеттик жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен бодо малдын терисин кайра иштетүү заводун жана бут кийим фабрикасын куруу маселесин талкуулаган көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Терини кайра иштеткен заводду куруу, компанияларды жайгаштыруу боюнча жер аныкталып, жерди трансформация кылуу, суу, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмаларын куруу, жол салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Жер тилкесинин болжолдуу аянты 10 гектарды түзөт. Анын ичинде өндүрүштүк кластер үчүн 9 гектар, бут кийим фабрикасын куруу үчүн 1 гектар бөлүнөт.
Жаңы курула турган булгаары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4000 тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1000 жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш ордун түзөт.
Мындай заманбап технология менен курула турган терини кайра иштетүүчү булгары завод, бут кийим фабрикасы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылып жатат.