• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

20 Аяк оона 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө казак унунун баасынын жогорулашы жана мүмкүн болуучу күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстан Республикасынан келген унга карата гана байкалаарын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстан Республикасынан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленди.

“Эгерде буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө республикага контрабандалык продукцияны, анын ичинде унду ташып келүү маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, клейковинанын деңгээли жогору болгонуна карабастан, контрабандалык жол менен ташылып келинген ун Кыргыз Республикасынын “Нан бышыруучу унун байытуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык темир менен байытылбайт.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары сезондук айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майдын индикативдик балансынын өлчөмүн көбөйтүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ун чыгаруучу ассоциациясына жана Нефтетрейдерлер ассоциациясына Кыргыз Республикасынын аймагын азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күйүүчү-майлоочу майга жана буудайга арыздарды тез арада тапшырууну тапшырды.

Теги:
Количество просмотров: 169