• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төрөбаев Беларусь премьеринин орун басары менен жолукту

24 Баш оона 2023 10:17 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Беларусь премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттардагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эки тараптуу кызматташуу аркылуу дагы, интеграциялык өз ара аракеттенүү аркылуу дагы мамлекеттер аралык мамилелерди куруу боюнча олуттуу иштер аткарылууда.

Бирдиктүү интеграциялык мейкиндикте – Евразиялык экономикалык биримдикте болуу, ошондой эле КМШ мейкиндигинде эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү эки тараптуу кызматташтыктын бардык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп саналат.

Кыргыз делегациянын башчысы өз ара сооданын көлөмү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 110 млн доллардан ашуун сумманы түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 45 млн суммага жакын долларды түздү. Бул эсептер жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгүн берет.

Өз кезегинде Анатолий Сивак Кыргызстан убакыт сынагынан өткөн дос экенин белгилеп, белорус тарап эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Бакыт Төрөбаев үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, ага байланыштуу беларусь кесиптештерин куттуктап, эки мамлекеттин элинин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында Өнөр жай, ошондой эле транспорт жана логистика боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алдында жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Количество просмотров: 68