• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Дастан Бекешев: Мэрияны түшүнүп эле турам

4 Жалган куран 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

2-мартта «Ала-Тоо» аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрыла турган болду. Буга байланыштуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн пикирин билдирди.

«Мэрияны жакшы эле түшүнүп турам. «Ала-Тоо» аянтта өткөн нааразычылык акцияларынын кийин таштанды тазалап, бир топ жумуштарды жасоого туура келет. Ошондуктан алар тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү сотко жөнөтөбүз деп жатышса керек, бирок бул мыйзамга туура келбейт»,-деди депутат Бекешев.

Количество просмотров: 62