• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Дастан Догоев: «Мен өлкө башчысына ыраазымын…»

15 Бирдин айы 2018 9:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
Кечээ, Өкмөт башчы Сапар Исаков КРнын мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин өз арызына ылайык иштен бошотуп, ордуна бул тармакты мурда башкарын кеткен Алина Шаикованы дайындаган буйрукка кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарларды.
Мындан соң Govori.TVнын кабарчылары Дастан Догоевдин кызматынан кетүү себебин сурап кайрылганда ал, “менин башка пландарым бар, билимимди жогорулатып, өзүмдү башка тармактарда сыноого аракет кылам. Албетте, биздин команда абдан чоң долбоорлорду ишке ашырдык, биометрикалык шайлоо системасын киргизүү, документтерди электрондоштуруу,биометрикалык паспортту киргизүү сыяктуу кадамдарыбыз иш жүзүндө өзүн актап, биздин ишибиздин натыйжалуулугун көрсөттү.  Мен мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирем, азыр жашмын, келечек алдыда, дагы кызмат кылабыз”,-деп сылык жооп кайтарды.
Ал эми Алина Шаиковага келсек, ал  2014-2015-жылдары ушул мамлекеттик катоо кызматында төрайым болуп иштеген. Ал жетектеп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы кадрлардын нааразычылыгы күчөп, ар кандай арыз-даттануулар, кадрдык саясатындагы чекиликтер, чет өлкөгө болгон иш сапаралардагы мыйзамсыз кадамдар боюнча көптөгөн маалыматтар чыгып келгени эсибизде.
Эске сала кетсек, Дастан Догоев азыркы Өкмөттүн эң жаш мүчөсү болчу. Ушуну менен Сапар Исаков Өкмөткө келе жаткандагы “жалаң жаштардан турган” Өкмөтүн акырындап “карытып”, экс-чиновниктердин армиясын кайрадан кызматка алууда.
Количество просмотров: 21