UFC уюмунун жеңил салмак чениндеги мурунку (убактылуу) чемпиону Дастин Порье Хабиб Нурмагомедовго ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Порье өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
Баары жөн жерден болбойт. Бул менин саякатым жана ал өзгөчө. Турмуштун дагы бир оор сабагы үчүн Хабибге рахмат. Эч кандай шылтоо, эч кандай өкүнүч жок, — деп жазган Порье .
Эске салсак, UFC 242 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порье россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган.
Ал эми Хабиб Нурмагомедов Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, беттеш тууралуу сөз кылышкан.