• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Давыдов» мөңгүсүнүн 178 миллион куб метр аянты талкаланган

31 Бугу 202114:10 Бишкек Govori.TV

«Давыдов» мөңгүсүнүн 178 миллион куб метр аянты талкаланган. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.

«1995-жылдан тарта Кумтөрдө кен казыла баштаган. 2012-жылы эле “Кумтөр Голд Компанинин” мөңгүлөрдүн үстүнө топурак калдыктарын төккөн иш-аракеттери аныкталып, аларга эскертүү берилип, абалды оңдоого мөөнөт берилген. Андан бери компания эч кандай чара көрбөй эле, мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды төгүп, талкалоо иштери уланган. Талаптар аткарылган эмес. Мөңгү жоготууну эсептегенде жалпы 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 178 миллион куб музду жоготтук»,-деди Кутманова.

Количество просмотров: 120