«Кумтөр» кенинде маалыматтык системалар калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кумтөр голд компанинин» улук механиги Саламат Тогузбаев билдирди.
«Кумтөр кенинде мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салган система 15-майда өчүп калган. IT инфраструктурасы өчүрүлгөндөн кийинки кырдаал толугу менен жөнгө салынды. Буга чейин мындай учур болгон эмес. Мындай кырдаалга биринчи жолу туш болдук. Маалыматтык технологиялар бөлүмү компьютердик программалардын баарын калыбына келтирип, тоодогу радарлар, бөлүмдөрдүн ортосундагы байланыш толук кандуу иштеп жатат»,-деди ал.