• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кумтөрдөгү жарака кеткен аймакта жумуш жанданды

14 Теке 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

Кумтөр кенинин №20 аймагында жумуш кайра жанданды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Борбордук» карьеринин чыгыш капталындагы жерден жарака кетип, жер кыртышы тездик менен жыла баштаган. Ал бир канча күн мурда катуу жааган жаан жана кардан улам пайда болгон. Аталган жерде жумуш убактылуу токтотулган.

“Ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча “Кумтөр Голд Компани” жумушту коопсуз түрдө улантуу үчүн коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө жана деформация болгон аймактардын туруктуулугун баалоо үчүн чет элдик илимий-иликтөө уюмдарын тартууга сунуш алды. Консалтинг уюмдары берген сунуштардын негизинде “Кумтөр Голд Компани” №20 жумуш аймагында ишти калыбына келтирүү үчүн атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 68