Дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз, чункурда бир сутка жатып, аман калды
Дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз, чункурда бир сутка жатып, аман калды
10 Баш оона 2018 12:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек 10.08.2018. Govori.TV
10 – август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди
Издөө иш-чараларына саат 8:30да ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 31 куткаруучу жана ИИМнен 25 кызматкер тартылган.
Жалпы 60 адам иш алып барып, Издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.