• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

5 Аяк оона 202516:56 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы 6-сентябрдан тартып капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 131