Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан сөөгү табылган Хусан Каримов таксист болчу. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Хусан Каримов 22-октябрда Honda Accord унаасы менен үйүнөн чыгып кетип кайра келген эмес. Алдын ала билдирүүгө ылайык, анын жанында 10 миң доллары болгон.
«Каза болгон жарандын бир тууганы милиицияга арыз жазды. Укук коргоочулар унааны аба майдандын жанындагы унаа токтоочу жайынан табышкан. Багаждан Хусан Каримовдун сөөгү чыкты. Ал эми акча табылган жок», — деп билдиришти редакцияга.
Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайында токтоп турган унаанын багажынан эркек кишинин сөөгү табылганын ОИИББдан билдиришти.