Бүгүн Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышты.

Бул аралыкка жалпысынан 36 спортчу катышты. Денис Петрашов 1 мүнөт 0,42 секундда келди. Бирок, бул жыйынтык ага финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок. 36 мамлекеттин ичинен 23-орунду ээлегени менен жарым финалга чыга албай калды. Петрашов эми 30-июлда 200 метрге брасс стилинде жарышка чыгат.

Денис Петрашов ортодогу дорожкага туш болгондо балким фортуна жылмаймак. Себеби эң четтеги дорожка сүзгөнгө ушунчалык ыңгайсыздык жараткандай. Эмнеси болсо да, олимпиадага катышкандын өзү чоң утуш!
