• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депкомиссия: «ТЭЦ боюнча Таалайбек Толубаевдин жоопкерчилиги да каралат!»

28 Чын куран 2018 12:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.04. 2018. Govori.TV
«Электр станциялары»  ААКсынын мурдагы башкы директору Таалайбек Толубаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча Башкы прокурорго сунуштама берилет. Бул маалыматты, Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча ишти иликтеген депутаттык комиссиянын атын атагысы келбеген мүчөсү Govori.TVга билдирди.
Ал белгилегендей, учурда,  ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун аягында да гана катышкан ишканын директору Узак Кыдырбаевдин камакка алынып, ал эми долбоорду баштан аяк ишке ашырган, дээрлик үч жылга чукул “Электр Станциялары” ААКсынын башкы директору болгон Таалайбек Толубаевдин жоопкерчиликтен сыртта калганы туура эмес.
“Азыр, бул адам “тергөө менен кызматташкан” деген сөз чыгып жатат. Ошондуктан, аны жоопкерчиликке тартуу маанилүү эмес дегендер да бар. Депутаттык комиссиянын айрымы мүчөлөрү буга макул болгон жокпуз. Көп иштерде ал жооптуу болгон, долбоор башталгандан кабыл алынганга  чейин дээрлик көзөмөл жүргүзгөн ошол Толубаев болгон. Андыктан, аны “ак карга” кылып, актап кетүү туура эмес, мыйзамсыз болуп калат”,-дейт эл өкүлү.
Эске сала кетсек, депутаттык комиссиянын төрагасы депутат Улан Примов да Таалайбек Толубаевдин жоопкерчилиги каралып, тизмеге кирээрин “Азаттыкка”шардана кылган.
Количество просмотров: 36