• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат: Беш маал намаз окуп, анан саунага барып, арак ичкен молдого окшобогулачы

27 Бирдин айы 2019 18:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.02.2019. Govori.TV

Депутат кесиптештерин беш маал намаз окуп, анан арак ичип, саунага барган молдого окшобогулачы дейт

Жогорку Кеңештин тамеки чегүүгө каршы мыйзам чыгарган депутаттары өздөру иш бөлмөлөрүндө тамеки чегишет. Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ак калпакка маданий символ берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулаган парламенттин жыйынында Сурабалдиева мыйзам чыгаруучулар өздөрү мыйзам бузушат билдирди.

“Өлкөдө мындан башка да толуп жаткан көйгөй бар. Адегенде ар бир айылдын кире беришине ажаткана куруп алып, анан ак калпак тууралуу сөз кылгыла. Кесиптештер, биз элдин турмушун жакшырта турган мыйзам чыгарышыбыз керек. Анын үстүнө биз мыйзамды озүбүз бузуп жатабыз. Мисалы, тамеки тартуу боюнча документти алалы: бизде депутаттар өздөрү иш бөлмөлөрүндө тамеки тартышат. Беш маал намаз окуп, анан саунага барып, арак ичкен молдого окшобогулачы”,-деди Сурабалдиева.

Булак: vesti.kg

Количество просмотров: 20