• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутат 2019-жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуштады

22 Жетинин айы 201811:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Жаратылыштын кайталангыс кооздугун, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын сактоо азыркы ааламдашуу заманында өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан, биз экологияга аяр мамиле кылуубуз керек. Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган 2018-жыл аяктап барат. Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын Президентине келерки жылды Экология жылы катары жарыялоо сунушун бергим келет. Анткени, экология жаатында чечиле турган көйгөйлөр көп», — деди эл өкүлү.
Количество просмотров: 50