Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулу Мамашова “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаевди кызматтан алууну талап кылды.
Депутат Айсулуу Мамашова өкмөт жер берген акционердик коомдун башчысы буга чейин сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айып менен сот жообуна тартылганын айтты.
“Усупбий Шеримбаев педофилия боюнча соттолгон. Мындай адамдар жетекчилик кызматта болбошу керек. Өзгөчө Апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбашы керек”, — деди ал.
Министрлер кабинети 29-майда “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. “Акипресс” агенттиги жер тилке тигүү фабрикасынын курулушу үчүн берилгенин, ага 1 млрд сом инвестиция салына турганын жазган.
Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттен жер алган “7-апрель ынтымагы” коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгонун, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыкканын билдирген Усупбий Шеримбаевдин сот жообуна тартылганын ырастап, бирок чечимге макул эместигин билдирген.