• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Аида Салянованын соту уланууда (түз эфир)

6 Бирдин айы 2018 10:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2018Govori.TV

Бүгүн 6-февралда Бишкек шаардык сотунда  «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын соту уланууда.

Отурумда депутаттын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзгө чыгуусу керек эле. Бирок ал иш материалдардын 5 тому менен таанышып чыга электигин айтып, таанышып чыгууга убакыт берүүнү суранды. Бирок соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Воронцова мындай чечимин жактоочунун жарыш сөзгө чыгуу алдында мындай өтүнүчү болбошу керектиги менен түшүндүрдү.

Ал эми Аида Салянова иш материалдар алгач 7 томдон турса, кийин 12 томго көбөйүп кеткени боюнча маалыматтары болбогонун белгиледи.

«Иш материалдар менен толук таанышып чыкпаганы үчүн мыйзам бузуп жатабы? Биз 7 томдон эле турат деп жүргөнбүз. Кийин 12 том болуп кетиптир. Ошон үчүн таанышып чыгуу керек», — деди Салянова.

Белгилей кетсек, Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деп айыпталууда. Ал эми Салянова өзүнө коюлган айыпты сайсий куугунтук катары баалап келет.

 

Депутат Аида Салянованын соту

Опубликовано Kyrgyz Azattyk Unalgysy Понедельник, 5 февраля 2018 г.

Количество просмотров: 11