• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Айнуру Алтыбаева насвайды ЖКга кантип алып кирген? (видео)

3 Тогуздун айы 2019 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жалпы жыйында «контрабандалык жол менен насвай алынып келиптир, акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок», — деген пикирин айтып, жаштарды алардын курамына көңүл бурууну белгиледи.

Депутат ЖКнын жыйынына бир нече куту насвай жана чылым алып келген.

«Биз кыргыз жарандарынын саламаттыгын сактап калышыбыз керек. Мына, менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам өлөт экен, калктын ден-соолугуна кам көргөнүбүз ушулбу? Мындай жосунга кимдер жол берип жатат, укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл», — деди депутат.

Мындан сырткары, депутат спирт ичимдиктери ээн-эркин сатылып жатканына маани берүүнү кошумчалады.

Количество просмотров: 2291