• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат: Айрым мектептерде бүтүрүүчүлөр 20 миң сомдон акча чогултуп жатыптыр

2 Кулжа 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Айрым мектептерде бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроо салтанатына 20 миң сомдон акча чогултуп жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Мага ата-энелер кайрылып жатышат. Бүтүрүүчүлөр 20 миң сомдон чогултуп, кортеждерди жалдоо менен көчөлөрдө майрамдайбыз деп жатыптыр. «Жаштык — жиндиликтин бир бутагы» деген жакшы сөз бар. Ушундай шаан-шөкөттөн бир балээ чыгып кетчү эле. Билим берүү менен Ички иштер министрликтерине абалды жакшылап көзөмөлгө алууну тапшыралы. Балким, бүтүрүүчүлөр мага таарынып жаткандыр. Бирок көрүп жаткан болсоңор балдарым, кыздарым, силерге жакшылык каалайбыз. Ушундай кечелерден көп кырсыктар болгон. Бир катаны эки жолу кайталабайлы», — деди депутат.

Количество просмотров: 1070