• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Акаев Бейшеналиевдин «менден өч алып жатат» деген сөзүнө жооп берди

21 Чын куран 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев министр Алымкадыр Бейшеналиевдин «Жанар Акаев өзүнүн медицина тармагында бир күн иштебеген жардамчысын Ошко башкы дарыгер кыл деп суранганда, мен болбой койгом. Ал ошон үчүн менден өч алып жатат» деген сөзүнө жооп берди.

Акаевдин айтымында, министр такталбаган маалымат берип жатат.

«Орой айтканда бул алжып калган адамдын сөзү. Анткени биз депутат катары мыкты кадрлар болсо, бир гана саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрине гана эмес баардык министрлерге сунуш беребиз. Ал эми менин жардамчым дарыгер эмес, кесиби такыр башка. Ошол себептен такталбаган маалымат берип жатат»,-деди депутатАкаев.

Буга чейин депутат Жанар Акаев өкмөткө саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштоо демилгесин көтөрүп, комитет мүчөлөрү аны колдошкон. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жанар Акаев мындай жол менен андан өч алып жатканын ЖМКларга билдиргени бар.

«Жанар Акаев өзүнүн медицина тармагында бир күн иштебеген жардамчысын Ошко башкы дарыгер кыл деп суранганда, мен болбой койгом. Ал ошон үчүн өч алган атат. Ошол жерде отургандардын баарын кимди каякка башкы дарыгер, же кайсы орунга коюуну суранышканын да айтып бере алам. Мен эч биринин суранычын аткарбай койдум. Мен профессионалдарды коём. Ошон үчүн алар мага каршы чыгып, эптеп-септеп мөөнөтү аз калганда өз таанышын бир орунга отургузуп кеткилери келип жатат. Мен андайга барбайм»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 5411