• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: «Акаевге экс-президент макамын кайтарып бергенибиз бул туура эмес»

5 Аяк оона 202418:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүчү тууралуу өз пикири менен «Азаттыкка» бөлүшүп, буга каршы экенин айтты.

Депутаттын айтымында, бул маселе эмки жумада комитетке чыгуусу мүмкүн.

«Бирок мен каршымын. Эми албетте Аскар Акаевдин деле айрым жакшы жактары бар. Борбор Азия өлкөлөрүндө салыштырмалуу демократиялуу өлкөнү түптөй алдык. Бирок, кемчиликтери да аябай көп. Өзүнүн уулун, кызын бир эле убакта парламентке депутат кылып алып келди, аялынын Кыргызстанды башкарууда азыркыга чейин аңыз кеп болуп айтып жүрөт. Эмне үчүн элди башкарууга баласын, кызы, аялын аралаштырып… үй-бүлөлүк башкаруу деген сөз ошондо чыкты да. Менимче экс-президент макамын ага кайтарып бергенибиз бул туура эмес», — деди эл өкүлү.

Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени бүгүн малымдалды.

Бул маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова ырастап, “Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз”, — деп билдирген.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кеткен.

2022-жылы Акаев Кыргызстанга эки жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

Количество просмотров: 308