• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Акылбек Жамангулов: «Жаңы салынган жолдордун сапаты оңолбой келет»

1 Жалган куран 2018 11:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2018.Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында акыркы он жыл аралыгында көп жолдор салынып, көп жолдор оӊдолгонун,  бирок жолдун сапаты оӊолбой жаткандыгын депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
«Мына, былтыр кытай грантынын эсебинен Бишкек шаарынын бир топ көчөлөрү оӊдолду, аны быйыл кайра оӊдоп отурабыз. Бишкек – Нарын – Торугарт жолу 3 жыл мурда курулган, аны былтыртан бери жамоого аргасыз болдук. Эки жылдан бери Балыкчы – Корумду жолу бүтпөй жатат. Быйыл күзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, алар эмдигиче оӊолбогон жолду көрсө эмне дейт? Менимче, жол салган компаниялардан сапатты талап кылып, алардын жоопкерчилигин караш керек. Андан сырткары, азыртан жолдун курулушун каржылоо маселесин чечип бербесек болбойт», — дейт эл өкүлү.

 

Количество просмотров: 12