• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Коопсуз шаар» боюнча өкмөт компьютерди сотко берди

10 Тогуздун айы 2018 13:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сотко берилип жаткан адамдарга кызыкты. Анда ал мамлекеттик  сатып алуулар департаментинин башчысына жана Каржы министринин орун басарына кайрылды.
«Көз карандысыз комиссияны компьютер тандайт. Силер ошондо компьютерди сотко берип жатасыңырбы? Мен тушунбөй жатам. Силерге жакпаган чечим чыгарып койсо эле сотко арыз жаза бересиңерби? Силерге бир дагы киши көз карандысыз болбойт Ошон үчүн Каржы министрлигин сотко беришиңер керек. Көз карандысыз эксперттерди колдоо керек»-деди Жапаров.

 

Количество просмотров: 29