• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Акылбек Жапаровго таандык делген курулушту өрттөп кетишти

12 Тогуздун айы 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акыцлбек Жапаровдун Ысык-Ата районундагы үйү өрттөлдү. Маалыматты депутат өзү тастыктаганын АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 6-октябрь күн болгон. Анда курулуп жаткан үй жана 80 гектар аянттагы алма бак, ошол жердеги кароолчунун үйү өрттөлгөн.

«Окуя 6-октябрда болгон. Эч ким жабыркаган жок», — деп билдирген Жапаров.

Алдын ала маалыматтарга караганда, курулуп жаткан спорт комплекс дагы Акылбек Жапаровго таандык экени айтылууда.

Буга чейин социалдык тармактарга депутатка таандык үй өрттөнүп жаткан видео тараган.

Количество просмотров: 351