ЖК депутаты Асель Кодуранованын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда 9-октябрдын түнү каралды. Анда сот депутатты 9-декабрга чейин үй камагына киргизүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу тарапташтары билдиришти.
Белгилүү болгондой, депутат Кой-Таш окуясы боюнча эки берене менен айыпталып, Кой-Таш окуясы боюнча шектүү деген маалымдама берилген. Анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлгөн.
Эске салсак, Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурунку президент жана КСДПнын бир катар мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалымат тараган.