• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Атазов парламентте чыккан чыр боюнча үн катты

25 Кулжа 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында кесиптеши Айсулуу Мамашова менен урушпаганын билдирди. Бул тууралуу депутат Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Атазов жыйында Айсулуу Мамашова менен эмес, башка депутат менен пикир келишпестик болгонун билдирди.

«Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Кечээ күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда арачалоо максатында мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр», ― деп жазган ал.

Атазов ошондой эле бул окуядан кийин фракция мүчөлөрү чогулуп, меселени чечип, бири-бирин кечиришкенин жазган.

Эске салсак, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары кайым айтышкан. Анын алдында депутат Наталья Никитенко фракциянын лидери алмашканын, Сайдулла Нышановдун ордуна Шералы Абдылдаев дайындалганын жарыялаган. Буга Атазов өзүнүн каршы пикирин билдиргенден кийин кайым айтыша кетишкен.

Количество просмотров: 255