• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Депутат Атазов президент менен Ташиевге кайрылды

3 Жетинин айы 2023 13:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын  «Азаттык»   ишенимдүү булактарына таянуу менен жазган. Анда, Атазовго тиешелүү делген иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте экени жана УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болбогону жазылган.

Ал эми бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шалообек Атазов фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, анда президент жана УКМК башчысына кайрылуу жолдогон.

«Азаттык сайты жазып чыккан боюнча жооп берип коёюн: Бир нече күндөн бери, эки жыл алдын болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды ИВС ке алып кирип 3, 4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айткан маалымат боюнча шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алар эмне болушту кабар жок болууда. Кенеш байке, Урмат жана башка», — деп жазган депутат.

Ошондой эле ал билдирүүсүндө мындан 2 жыл мурун болгон шайлоо тууралуу жазып, ал жеңүүчү болгон шайлоо округунда шайлоо таза өткөнүн белгилеген.

«Ал эми финансы маселеси боюнча, көп достордон карыз алдым. Үгүт иштерди жүргүзүү учурунда 74 жерде жолугушуу өткөрдүк.

Ал эми, Матраимов Райымбек Исмаилович боюнча айтсам. Ал киши спорттун көп түрүнө жардам берип келген. Мени спортчу катары сыйлап жүрдү. Акыркы учурда тренер катары жардам берди. Мелдештерге бокс боюнча спортчуларды жөнөттү. Мамлекет тараптан жетишбей калган маселелер бар даары- дармени, жаракат алуу, жол кире, кийими баарын колдоп берчүү.

Окуучуларымдын ийгиликке жетүүсү үчүн кандай гана инсандарга барып жардам сурадым. Убагында Жыргал Саматов, Мелис Мырзакматов, Мамасадык Бакиров жана башка көптөгөн адамдар жардам беришти. Спорт үчүн ким жардам берсе мен аны рахмат деп айтам. Саясатта өз жолум бар. Негизи эле Райымбек Исмаилович бир күн өзү тизмелеп, кайсы чиновнике, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо жакшы болмок», — деп кошумчалаган Атазов.

Депутат Атазов өз билдирүүсүн президент менен УКМК башчысына болгон кайрылуусу менен жыйынтыктаган.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Болуп жаткан окуяларды сиздерге жеткирген топтор бурмалап жатат деп билем. Адилетүүлүк, чындык деп жүрүп журт башына келдиңиздер. Сиздердин саясатиы колдоп көптөгөн мыйзамдарды колдоп бир команда болуп иштеп жатабыз. Учурда жалпы тазалоо тегирмен айланып жатканда бизди да түртүп жатышат. Бул боюнча адилетүү карап бериңиздер.

Мен да сиздердей болсом деп ар дайым элим, жерим, чындык деп ээ бир министрлерге бетке айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эки жылда көптөгөн иштерди жасадым. Ийгиликтериме негизинен Сиздердин колдооңуздар бар. Сиздерге кирип чындыкты айтууга уруксат берсеңиздер?? ИВС ке кирген балдардын ата-энелери жүрөгү ооруп жатат. Мен үчүн бирөөлөрдүн кыйналышы өкүнүчтүү болууда. Мени кабыл алган соң , дагы эле чындык болбосо баарын тагдырдан деп билем».

Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарга крим төбөл Кадыр Досонов (Женго) менен депутат Шайлообек Атазовдун сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат.

Количество просмотров: 333