• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Атазов: Тажикстан келтирген чыгымдарды төлөп берсин

6 Бугу 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагына кирип келип, жай тургундарды агрессиялык саясат жасаганы үчүн Тажикстан эл аралык сотко беришибиз керек. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, тажик тараптын келтирилген чыгымдарын калыбына келтирүүнү талап кылган оң.

«Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал жалпы жыйынга чыгат. Ошондой эле  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Бириккен улуттар уюмуна кайрылуу жолдойбуз»,-деди Атазов.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Количество просмотров: 102