• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Атазов Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасады

9 Бештин айы 2021 13:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн дагы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып депутат салык деклорациясында көрсөтүлбөгөн мүлктөрү боюнча бардык чиновниктер жооп бериши керектигин айтты.

«Азыр мыйзамсуз баюу боюнча кылмыш иштери козголуу алдында турат. Бул иштерди аягына чыгарып берүүнү суранам. Жаап жашырган мүлктөр боюнча, салык деклорациясында көрсөтүлбөгөн өтө көп байлыктар бар. Булар боюнча маалыматтар келди. Келиңиздер, таза башкарууну ушул парламенттен баштайлы. Таза депутат, таза министр, ууру эмес министр болсо, ошондо элибиз ишенет. Ошондуктан 5 айдан бери парламентте жок, мандат керек болгондо чыга калып, «сулуу чымчык» болгондун кереги жок. Жашырган мүлктөр боюнча баарына кылмыш иши козголуп, мамлеккеттин жана мыйзамдын алдында жооп бериши керек» , — деди Атазов.

Количество просмотров: 672