Москвада Х эл аралык парламенттик оюндар аяктады, ага 15 өлкөдөн командалар катышкан. Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган футболдук команда ат салышты.
Соцтармактарда депутат-футболчулар Улан Примов, Жыргалбек Турускулов жана Алмазбек Баатырбековдун сүрөтү жарыяланды. Анда интернеттин колдонуучуларын депутат Алмазбек Баатырбековдун көрүүчүлөр отура турган отургучтун жөлөнгүчүнө бутун коюп түшкөн сүрөтү нааразы кылды.
Интернетте жарыяланган сүрөттө «Москвада кыргыз элитасынын жогорку үлгүсүн көргөзүштү», — деп жазылган.